ОМСУ

Араван району

Дөбө-Коргон айыл өкмөтү

0%

70% паспорттун толтурулушу

Маалыматтар жаңыртылды 24 Апрель 2026 г.

image

Дөбө-Коргон айыл өкмөтү

Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы 1сессиясынын № 4 токтому «Добо-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренеси жана «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын жетекчиликке алып, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши, токтом кылат: 1. Тепе-Коргон айыл өкмөтү мекемеси жана «Нурабад айыл өкмөтү» мекемеси бириктирүү жолу менен «Добо-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн. Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы: Мамлекеттик тилде: «Добо-Коргон» айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси. Расмий тилде: Учреждение "Айыл өкмөтү Добо-Коргонского айылного аймака" Кыскартылган фирмалык аталышы: Мамлекеттик тилде: «Добо-Коргон» айыл аймагынын айыл өкмөтү» М-и. Расмий тилде: У-е «Айыл өкмөтү Добо-Коргонского айылного аймака». 2. «Добо-Коргон» айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин. 3. «Добо-Коргон» айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Аравaн району,Кайрагач-Арык айылы К.Киргизбаев көчөсү№ 54 болуп аныкталсын. 4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткүрүлсүн. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардан аныкталып ирасталат. Торага — Н.Махамматов

Аянт

Жалпы аянт

Белгисиз

Калк

Калк

36915 адам.

Дареги:

Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Араван району, Ош облусу, Араван району, айылы Кайрагач-Арык, көч. К.Киргизбаев, 54 д.

Паспорт Дөбө-Коргон айыл өкмөтү

Экономика

Добуш берүү